Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

БЭК чет өлкө элчиликтерине кабар берет


Бүгүн Бирдиктүү элдик кыймыл 27-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында жалпы элдик нааразылык акциясы өтөөрү тууралуу чет өлкөлөрдүн элчиликтерине расмий маалымат таратат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимов билдирди. Анын айтымында чет өлкөлөр нааразылык акциясынын максаты, себеби жана Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу маалымат алып турууга укуктуу. Ушундан улам бул саясий ири окуя тууралуу маалымат берип, өз Тышкы иштер министрликтери аркылуу кабардар кылуусун өтүнөбүз,-деди Бакыт Бешимов. БЭКтин Улуттук кеңеши 27-мартта нааразылык акциясын жалпы өлкө боюнча саат он бирде баштоо чечимин кабыл алган. (BD)

XS
SM
MD
LG