Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Мусулмандар биримдиги курултайын өткөрөт


Башында экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев турган мусулмандар биримдиги апрель айында уюштуруу курултайын өткөрөт. Нурлан Мотуевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча ага бардык региондордогу жергиликтүү уюмдардан тандалган делегаттар катышат. Анын максаты мусулман динин тутунган жарандардын башын бириктирип, динди таза тутуу аракетин көрүү. Ал эми Кыргызстандагы мусулмандардын муфтийи Мураталы ажы Жуманов "Азаттыкка" бул биримдик саясий максатты көздөгөн уюм, ошон үчүн анын жетекчилери динге жамынбай саясий максатын ачык айтышы зарыл деп билдирди. Муфтийдин айтымында, жалпы мусулмандардын атынан билдирүүлөрдү таратуу жана үндөө мыйзамга карама-каршы келет жана андай укук Уламалар кеңешинин чечими менен башка адамдарга берилген.(BD)

XS
SM
MD
LG