Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Бишкек мэриясы: Шаар бийлигине оппозициянын митинг тууралуу маалымдамасы бериле элек


Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат катчысы Оксана Филюк “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда Бириккен элдик кыймылдын атынан 27-мартта Бишкекте нааразылык акциясы болору тууралуу маалымдама мэриянын дарегине келип түшө элек. “Бишкекте мыйзам боюнча жарандар тынч митинг өткөрүүгө уруксат берилген эки парк бар. Бири –М. Горький атындагы гүлбак, экинчиси 10-кичирайондо жайгашкан. Эгер бул жерлерге митинг өткөрүүнү кааласа, эч кандай маалымдаманын кереги жок. Калган бардык көчө-аянттар үчүн мэриянын уруксаты зарыл, болбосо, мэрия мыйзамдуу түрдө тийиштүү чараларды көрөт,” –дейт маалымат катчысы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG