Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

“Ала-Тоо ынтымагы” коому элге кайрылуу жасады


Башында Н. Касиев, О. Нарбеков, К. Алымкулов, Б. Ааматов, А. Артыков, Э. Каптагаев сыяктуу саясатчылар турган “Ала-Тоо ынтымагы” коомунун кайрылуусунда жаңы бийликтин келиши менен убада кылынган Конституциялык реформа аягына чыккан жок, экономикалык кризистен чыгуунун жолдору али белгисиз, коррупция, мүлктү басып алуу, бийликти сындаган саясатчыларды коркутуу, куугунтуктоо күч алды, деп белгиленген. Буга карата кайрылуу ээлери Конституциялык реформа, экономикалык саясат, энергетика системасы, калыс кадр саясаты боюнча бир катар сунуштары менен коомчулукка кайрылып, булар элди бириктирип, жалпы тилектештикти, кызматташтыкты пайда кылат, деп ишенишет. Мындан тышкары анда руханий-маданий өсүштү камсыздоо, бюджеттик каражаттарды туура, максаттуу сарптоо өлкөдөгү коррупциянын тамырын кыркууга түрткү болуп, Кыргызстандын азыркы саясий-экономикалык абалдан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилет, деп айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG