Бул тууралуу ИИМ министри бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда Медет Садыркуловго байланыштуу окуянын жүрүшү жана таанып-билүү иштеринин алгачкы натыйжасы 13-март күнү автокырсыкта өрттөнүп кеткен “Лексус” автомашинасынын ичинде М. Садыркулов, С. Слепченко жана айдоочу болгондугунан кабар берүүдө. Министрдин сөзү боюнча М. Садыркуловго таандык деп болжолдонгон сөөктөгү чынжырчаны анын жубайы окшоштуруп тааныган, мындан тышкары президенттик администрациянын мурдагы башчысын дарылап жүргөн врач пациентин тишинен тааныган. ИИМ министри Молдомуса Конгантиевдин маалыматы боюнча бул кылмыш ишине карата 18 соттук экспертиза дайындалган. Ошондой эле өлгөндөрдүн кимдигин так аныктоо үчүн кандык-генетикалык экспертизадан өткөрүлөт, деди министр.(ZKo)
ИИМ: Азыркы божомолдор боюнча “Лексус” автомашинасында күйгөндөрдүн бири М. Садыркулов болушу мүмкүн