Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Москвада Кубанычбек Атабеков аттуу кыргызстандык жаран поездге боюн таштаган


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Элчинин айтымында, бул кырсыкты иликтеген метронун милициясы кыргызстандык жаран жумушсуз калып аргасыз поездге боюн таштаган деген жоромолду четке кагышууда. Каза болгон 27 жаштагы жарандын чөнтөгүнөн паспортунун көчүрмөсү жана 20 рубль табылган. К. Атабековдун сөөгү анын тууган-уруктарын таап сөөгүн мекенине жеткирүү иш-аракеттери көрүлүп бүткүчөктү жети күн моргдо болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG