Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Пакистан өкмөтү Жогорку соттун төрагасы Ифтикар Чаудрини кызматына кайра койду


Муну менен оппозиция менен тирешүү басаңдагансыды. Премьер-министр Юсуф Реза Гилани чечим тууралуу түн ичинде билдирди. Көп узабай экс-өкмөт башчы жана негизги оппозициялык партиянын лидери Наваз Шариф нааразылык жүрүшүн токтотууга үндөдү. Чаудри бир катар судьялар менен кошо мурдагы президент Первез Мушарраф тарабынан кызматынан алынган. Жаңы өкмөт аны кызматына кайра коюу убадасын аткарбай келди.

XS
SM
MD
LG