Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Баньямин Нетаньяху ашкере оңчул партиянын лидери менен коалиция жөнүндө келишимге кол койду


Израилдин премьер-министрлигине көргөзүлгөн Баньямин Нетаньяху ашкере оңчул партиянын лидери Авигдор Либерман менен коалиция жөнүндө алдын ала келишимге кол койду. Расмий маалыматтарга караганда, ага ылайык, Либерманга тышкы иштер министр кызматы берилмекчи. Ал антиарабчыл көз караштары менен белгилүү жана Палестина менен "тынчтык үчүн жер" деген программага караманча каршы турумду ээлейт. Бирок Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы парламентте көпчүлүккө ээ болуш үчүн башка партиялардын колдоосун алышы керек. "Кадима" партиясынын төрайымы, тышкы иштер министри Ципи Ливининин колдоосун табуу аракети азырынча ийгиликсиз болууда. Нетаньяхуга жаңы өкмөт куруу үчүн 3-апрелге чейин убакыт берилген.

XS
SM
MD
LG