Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

А.Жекшенкуловго ачылган бир кылмыш иш сотко өттү


Башкы прокуратура Бирдиктүү элдик кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловго ачылган кылмыш ишинин бирин тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна берди. Анда Жекшенкулов тышкы иштер министри кезинде министрликтин имаратын ремонттотуп, казынага 696 миң сомдон ашык чыгымга кириптер кылган деген кине коюлган. Жекшенкуловдун коргоочусу Мукар Чолпонбаев райондук сот ал ишти азыр карабайт, себеби мыйзам боюнча бир кишиге ачылган эки кылмыштын бири тергелип бүтө электе экинчиси каралбайт деп билдирди. Анын айтымында сот ишти калыс карай турган болсо кылмыштын составы жок деген бүтүмгө келиш керек, анткени казынага зыян келтирди деген каалгалар менен башка жабдуулар министрликтин кампасында турат. Аликбек Жекшенкуловго экинчи кылмыш иши сыйлыкка берилген тапанчаны туура эмес сактаган жана түрк ишкеринин өлүмүнө тиешеси бар деген кине менен ачылып, камакка алынган.(BD)

XS
SM
MD
LG