Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Соттор балдарды асыроого мыйзамсыз берген деген имиш күчөдү


Кыргызстандан буга чейин жүздөн ашык жетим бала чет өлкөлүктөрдүн асыроосуна мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Бул тууралуу кечээ Башкы прокуратуранын өзгөчө иштерди тергөө башкармасынын башчысы Учкун Каримов билдирди. Анын айтымында, прокуратура ушундай фактыларды иликтеген атайын тергөө топ түзүп, азыр 12 ишти иликтеп жатат. Ага жасалма документтердин негизинде асыроого уруксаат берген сот чечимдери башкы себеп. Мындай чечимдерди чыгарган соттордун мыйзамсыз аракеттери аныкталса аларды жазалоого уруксаат берүү сунушу соттордун Улуттук кенешине берилет.(BD)

XS
SM
MD
LG