Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

АКШнын мамкатчысы Пакистандын чечимин кубаттады


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Пакистан өкмөтүнүн жогорку соттун судьяларын кайра кызматына коюу чечимин кубаттап, саясий кризисти жөнгө салуу менен расмий Исламабад негизги көңүлдү Ооганстан менен тогошкон чек арадагы согушкерлерге каршы күрөшкө бурарын белгиледи. Клинтон айым бийликтин аракеттерин Пакистанда демократия жана мыйзамдуулукту орнотуу үчүн жасалган алгачкы кадам катары сыпаттады. Жогорку соттун 60тай судьясын мурдагы президент Первез Мушарраф кызматтан алган. Жаңы президент Асиф Али Зардари алардын баарын кайра ордуна койгонго убада берип, анысын ушу кезге чейин аткара элек болчу. Ушундан улам өткөн аптада юристтер жана оппозиция өлкөнүн борборун көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан жана Исламабадда парламент алдына чогулуп, нааразылык билдирмек болушкан. Өкмөттүн чечиминен соң экс-премьер Наваз Шариф оппозициянын нааразылык маршын токтотту.

XS
SM
MD
LG