Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Кара-Жыгачта Бакиевди кетирүү талабы коюлду


Жалал-Абаттагы Кара-Жыгач айлында Аксы окуясына байланыштуу жыйын өтүп жатат. Чогулгандар менен телефондон Акыйкатчы Турсунбек Акун байланышты. Жыйында чыгып сүйлөгөн айыл тургундары Курманбек Бакиевдин президент болгондон кийин үч айда Аксы окуясына байланышкан маселелер чечилет, деп айткандарын эске салышты. Убадасына турбаганына нааразы болуп, президентти кетирүү талабын кызуу билдиришти дейт “Азаттыктын” кабарчысы Жанарбек Акаев. Иш-чаранын уюштуруучулары Кара-Жыгачка беш жүздөй адам чогулганын айтып жатат. Район жетекчилигини өкүлдөрүнүн эсебинде жүздөй адам келди. (EBM)

XS
SM
MD
LG