Талкууга президент Курманбек Бакиевдин өзү катышуусу зарыл. Мындай пикирин аталган партиянын депутаты Галина Куликова бүгүн парламентте комитет жыйынында билдирди. Социал-демакраттар фракциясынын депутаты
Иса Өмүркулов Аламүдүн капчыгайындагы окуяны эл аралык комиссия иликтеши керектигин айтты. Күйүп кеткен машинанын ээси, депутат Эрик Арсалиев машинасы мыкты унаалардан экенин белгилеп, тыптыйпыл болуп күйүп кетишине көп убакыт талап кылынат, деди. Казакстандан үйгө кайтып келе жаткан адамдардын таптакыр башка жакта болуп калганы түшүнүксүз болуп жатканын кошумчалады. 13-мартта таңга маал Аламүдүн капчыгайында өрттөнүп кеткен “Лексуста” президенттин администрациясынын мурунку жетекчиси М. Садыркуловдун болушу ыктымалдыгы айтылууда. (EBM)