Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

М. Садыркуловдун айылдаштары эмне дешет?


“Азаттыктын” кабарчысы 13-мартта жол кырсыгынан мерт болгондордун катарында бар деп саналып жаткан саясатчы Медет Садыркуловдун кичи мекенинде болуп, карапайым эл менен жолугушуп кайтты.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов 1953- жылы 13- декабрда Кемин районунун Илич айылында туулган. Айылдаштарынын айтымында, ал айылына барып, өзгөчө кары- картаңдардын батасын алып турчу. Учурда М. Садыркуловдун ата- энеси уулуна байланышкан каңырыш кептерден эч кандай кабарсыз. Алар азыр ден-соолугуна байланыштуу дарыгелердин көзөмөлүндө турганы айтылат.

Накен: -Кандай болгон күндө да биздин уулубуз. Туугандары короо- жайын тазалап даярданып жаткандай болот, бирок эл жол карап эле күтүп атат. Эмне кабар келээрин эч ким билбейт.

Сагынбек Алимов: - Медет Садыркулов туурасында телевидениеден эле көргөнүбүз болбосо өлүү, тирүү экенин билбейбиз.

Бакыткүл: - Мен анын апасындай адаммын. Ушу кантип болсун? Бакиев деген ак сакал буларга бир чара колдонбойбу? Баш көтөргөндүн баарын эле ушинтип тазалай беришеби? Укук коргоо кызматындагылар эмне кылып жүрөт.

Илич айылындагы тургундар түшүнбөгөн көп суроолорду бергени менен, айылда М. Садыркуловго атайын кол салынган деген айың кеп басымдуу экенин алар төмөндөгүдөй түшүндүрөт.

Зинаида: - Айылдагылардын баары эле Медетти өлтүрүп кетти деп эле жатышат. Келесоо кишиге деле дайында аны атайылап өлтүрүшкөнү. Эми мунун да дайыны чыкпай калабы? Кандай сонун жигиттерибизден айрылып атабыз. Эми Арсалиевди аман коюшса экен. Эл баары бир кандайдыр кыжырдануу абалында турат. Мындай боло берсе эл толкуп кетиши толук мүмкүн, баарынын чеги болот да?

- ЖК депутаты Эрик Арсалиевдин М. Садыркулов менен болгон мамилеси кандай эле?

- Алар ага-инидей жүрүшчү. Анын үстүнө бир айылдан болсо.

Амантур: - 2005-жылдын март окуясынан кийин Кемин эли өзгөчө жигиттер өтө кызуу кандуулукка алдырышкан. Эл козголсо жаман. Азыр айылдаштар бир жыйынтыкты эле күтүп турушат. Кыжырданган элди эч ким токтото албайт. Арада нааразылык акциясына чыгууну максат кылгандар да бар.

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун айылдаштары жалпылай буларды белгилегени менен Илич айыл башчысы Жакшылык Садыркулов (Медет Садыркуловдун агасы) «эл эч качан толкундоого барбайт»,- деп белгилейт.

XS
SM
MD
LG