Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Истамбулда Суу форуму башталды

Бешинчи Дүйнөлүк суу жыйынында эксперттер глобалдык суу кризиси босогодо тургандыгын эскертишти. 130 өлкөдөн делегаттар катышкан жыйындын ачылышында Түркиянын президенти Абдулла Гүл дүйнөдөгү дээрлик 7 миллиард калктын жарымы суунун тартыштыгынан жапа чегээрин, ал эми ар бир жетинчи кишиде таза суу ичүүгө мүмкүндүгү жок экендигин белгиледи. Форумдун сыртында тартип коргоочулар 17 солчул активистти камакка алды.
​
XS
SM
MD
LG