Ооганстандын тунгуч мамлекет башчысы Мухаммад Дауд Хан 1978-жылы коммунисттик төңкөрүштө 17 үй-бүлө мүчөсү менен президенттик ак сарайда өлтүрүлгөн. Кийин алардын сөөгүн жашыруун жайга алып кетишкен. Дауддун сөөгү былтыр массалык көрүстөндөн табылган. Коммунисттик төңкөрүштөн кийин Ооганстанды советтик аскерлер 10 жыл басып турган.