Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:14

Кыргыз-Вьетнам алакасы бүгүн талкууланат


Бүгүн Вьетнам Социалисттик республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Нгуен Куок Кыонганын Кыргызстандагы иш сапары башталат. Аны менен тышкы иштер, Экономикалык өнүгүү жана соода, Энергетика жана отун ресурстар министрлери жолугушуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташуу маселелерин талкуулашат.Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык катнаш 1992-жылы түзүлгөн жана Вьетнамдын бийлиги азыр социалисттик түзүлүштү сактоо менен бирге экономикасын акырындап либаралдаштыруу саясатына өткөн. (BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG