Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков аш-тойлордо эсепсиз чыгымды азайтуу боюнча парламенттин токтом долбоорун даярдап, ал фракциянын жактыруусуна ээ болду. Эми маселе парламенттин кароосуна коюлат. Депутаттар аш-той, мааракелерди эсепсиз чыгымдан элдин жабыркап жатканын, башка өлкөлөрдө ашыкча ыгым-чыгымдарга мыйзам менен чектөө киргизилгенин белгилешти.(AiT)