Мындай пикирин коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. “27-мартта акцияны уюштуруп жаткандардын өзүнө да саясаттан да жогору турган мекен, улут деген сөздү айтпайсыңар, кыргыздын тарыхын, салт сыяктуу улуулуктан козгобойсуңар деп айтып жатам. Ушул жагынан алганда, мен алар менен пикирлеш эмесмин”,- дейт Д.Сарыгулов. Бирок ал бүгүнкү күндө адилетсиздик орун алып, жетекчилерди дайындоодо калыстык жоктугун, жарыктын өчүрүлүшү жана бийлик убада берген менен алтын кендеринин иштебей турганын белгиледи. “Мындай көрүнүш бийликке аброй алып келбейт”, - дейт ал. (КЕ)