Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Ө. Текебаев: Артыбыздан аңдуу күчөдү


“Ата мекен” партиясынын лидеринин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, буга чейин аларды “Жигули 07” маркасындагы автоунаа менен милиция кызматкерлери ээрчип жүрсө, акыркы күндөрү айнектери чүмбөттөлгөн автоунаа менен спорттук келбеттүү балдардын ээрчип жүргөнү байкалып калды. Ошондой эле үйгө белгисиз адамдардын телефон чалып, үн чыгарбай койгону көбөйдү. Текебаевдин айтымында, акыркы мезгилде анын “өмүрүнө кол салуу болуптур” деген ушак сөздөр таратыла баштады. Ал бир жагынан Медет Садыркуловдун кайгылуу тагдырына байланыштуу чыгышы ыктымал, андан сырткары ал ушакты атайын таратышып, элдин реакциясын изилдөө да жүрүп жаткандай.(AiT)

XS
SM
MD
LG