Бул туурасында Чүй облустук админстрациянын басма- сөз кызматы маалымат таратты. Соңку кездеги кардын тездик менен эриши Чүйдүн айрым аймактарында сел каптоо коркунучун жаратууда. Дүйшөмбү күнү Кемин районунун Кызыл- Байрак айылындагы сел каптоонун узундугу 300 м жетип, турак үйлөрдүн короолорун суу жууп кеткен. Кесепетинде айылдагы суу каналы жырылып, 11 там жана Аскар Акаев атындагы орто мектепти сел алуу коркунучу жаралды. Учурда сел жууп кеткен жерлерде тазалоо иштери улантылып жатат. Адам өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Аба ырайын маалымдоо борбору күндүн кескин ысып кетишинен Бишкек- Ош авто жолунун 121, 138, 198 жана 265 чакырымдарында көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертүүдө. (JJ)