Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:41

Пикетке чыккандарга сот эскертүү берди


Аксы окуясын эскерүү үчүн пикетке чыккандарга байланыштуу административдик ишти Биринчи май райондук соту бүгүн түштөн кийин карап, кармалган төрт пикетчиге эскертүү берди. Белгилүү болгондой укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Самат Алиев бүгүн өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан убакта милиция кызматкерлери кармап кетип, “милицияга баш ийбей коомдук тартипти бузду” деген айып койгон. Сот коюлган айыпты карап, пикетчилерге эскертүү берди.(AiT)

XS
SM
MD
LG