Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Азербайжанда баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү караган жалпы элдик референдум жүрүп жатат


Бүгүн Азербайжандын шайлоочулары баш мыйзамдагы негизги өзгөрүү болоору күтүлгөн “президент 2 гана жолу бул кызматка удаа шайлана алат” деген жобону жокко чыгаруу маселесине добуш берүүдө. Референдумга каршы чыккандар добуш берүүнүн максаты - Алиевдердин 40 жылдан бери жумуриятты башкарып келе жаткан “династиясын” ого бетер бекемдөө болуп саналат, Гейдар Алиевдин узак жылдык бийлигин 47 жаштагы уулу Илхам Алиев ошондой эле авторитардык багытта уланткысы келип жатат деп аны сынга алып чыгышты. Европа Кеңеши да референдумга каршылыгын билдирип, мындай иш-чара Азербайжандын демократиядан четтеп жатканын дагы бир жолу тастыктаарын жарыялады.

XS
SM
MD
LG