Бул туурасында «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук координатору Бактыбек Калмаматов «Азаттыкка» кабарлады. Аймактык лидердин айтымында, анын Кара-Гуз айылындагы тууган-уруктарына жана жердештерине улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү 27-марттагы митингге катышпайбыз деп тил кат жаздырып, ал эми Калмаматовдун ата-энесине «Уулуңарды тыйбасаңар, жакында камайбыз!» деп улам-улам эскертүүдө. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилери Бактыбек Калмаматовго карата куугунтуктоо болбогондугун билдирип, ата мекенчилердин айткандарын четке кагууда. (ATo)
Кара-Кулжада “Ата Мекен” партиясынын облустук лидеринин тууган-уруктарына кысым көрсөтүлүүдө