Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Парламент чуулгандуу кырсыкты иликтөөчү комиссия түзөт


Бүгүн Жогорку Кеңеш 13-мартта болгон чуулгандуу автокырсыкты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карайт. Мындай маалыматты “Азаттыкка” “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Афтандил Арабаев билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” фракциясы кечээ беш депутаттан турган комиссия түзгөн жана аны бекитүү сунушун жалпы парламентке сунуштайт. Комиссияга Социал-демократтар менен Коммунисттер фракциясы да өз өкүлдөрүн киргизиши күтүлүүдө. Ал эми “Ата Мекен” партиясы кечээ окуя дыкат жана калыс иликтениши үчүн мамлекеттик комиссия түзүп, ага чет өлкөлүк эксперттерди чакырууну сунуш кылган.(BD)

XS
SM
MD
LG