Блогчу Умидреза Мирсайафи Тегерандагы абакта набыт болду. Мирсайафинин эжесинин “Азаттыкка” маалымдашынча, 28 жаштагы Мирсайафи табышмактуу жагдайда каза тапкан. “Чек арасыз кабарчылар” уюму бул окуяны кылдат изилдөөгө чакырууда. Мирсайафи ушул жылы 7-февралда Тегеран сотунун чечими менен камакка алынган. Ал интернетте салттуу перс музыкасы, маданияты тууралуу ой-толгоолорун жазып турган.