Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жарандык коомдун министрлик кызматтан кетсин деген талабына негиз бере тургандай ката кетире элекмин, бирок бул маселени алар менен бетме-бет талкуулоого даярмын деп кечээ парламентте билдирди. Анын баамында, өлкө жарандарынын 50-60 пайызы милицияга ишеним артат. Бейөкмөт уюмдар 14-мартта президентке кайрылуу жолдоп, анда министр Конгантиев көрүнүктүү саясатчы, журналисттерди сабоо, өлтүрүү кылмыштарын иликтөөнү “өз көзөмөлүмө алдым” деген менен биринин да бети ачыла элек деп, аны кызматтан кетирүү талабын коюшкан.(BD)