Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ички иштер министри өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат


Жолугушуу 23-мартка белгиленди. Жыйырмадай өкмөттүк эмес уюм министр Молдомуса Конгантиев кызматтан кетүүсүн талап кылып чыгышкан. Мындай талапка карабай алар менен жолугушууга даярдыгын Конгантиев 18-мартта билдирген эле. Өкмөттүк эмес уюмдар министр менен жолугушууда кылмыштуулук, кыйноолор, милициянын айрым кызматкерлеринин аялдарга карата кылмыштары боюнча маалымат берүүнү көздөшүүдө. Алар ошондой эле Молдомуса Конгантиев өз эрки менен кызматтан кетсе, милицияга ишенимди кайтарууга салып кошуп, жогорку мамлекеттик жоопкерчиликти көрсөтөт эле деп эсептешет. Бирок министр кызматтан кетүүгө эч кандай негизжок экенин билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG