Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Жогорку Кеңеш Койташтагы жол кырсыгын иликтөө боюнча комиссия түздү


Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 13-мартта Аламүдүн районундагы Койташ айлына жакын жерде жол кырсыгы болуп, анда президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, президент алдындагы стратегиялык изилдөө институтунун мурунку башчысы Сергей Слепченко жана алардын айдоочусу каза болгон. “Ак жол” фракциясынын депутаттары 18-мартта болгон жыйынында жол кырсыгы болгонунан күмөн санашып, окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү чечимин кабыл алышкан. Фракция лидери Улукбек Ормонов бүгүн парламентте комиссия түзүүнү сунуштап, ал колдоо тапты. “Ак жол” фракциясы курамында жети депутат боло турган ал комиссияга өзүнүн беш депутатын сунуштаган. Эми ага Коммунисттик жана Социал-демократиялык фракциядан бирден мүчө сунушталыш керек.(AiT)

XS
SM
MD
LG