Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Бейөкмөт уюмдардын лидерлери ИИМдин башчысы менен жолугууга даяр


ИИмдин башчысы Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып жаткан бейөкмөт уюмдардын лидерлери жолугууда министрге өздөрүнүн позициясын ачыктап берүүнү максат кылып жатышат. Алардын айтуусунда, азыр милиция мыйзамды так аткарбай, паракорлук менен алектенип, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатат. Алар өзгөчө аялдарга карата жасалган милиция кызматкерлеринин кылмышы кооптондурарын белгилешкен. Министрдин эл алдында “Ишти өз көзөмөлүмө алам” деген убадаларына карабай, өлкө жарандары Кыргызстанда өздөрүнүн коопсуздугу сакталбагандай сезишет деп белгилешет алар. Жолугушуу 23-мартта саат 10:00 до ИИМде өткөрүлүшү күтүлүүдө.(AzK)

XS
SM
MD
LG