Мындай пикирин коммунисттик фракциянын лидери бүгүн парламентте 13-марттагы окуя боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси талкууланып жаткан учурда билдирди. Фракция лидеринин пикиринде, депутаттык комиссия түзүп, ал окуяга саясий өң-түс берүүнүн кажети жок. Андан сырткары депутаттык комиссиянын тергөө тобунан артык иш кылаары күмөн. Бирок Жогорку Кеңеш окуяны иликтөө үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүүнү жактап добушун берди.(AiT)