13-мартта Койташ айылына жакын жерде болгон окуяны иликтей турган депутаттык комиссиянын курамына “Ак жол” фракциясынан депутаттар Рашид Тагаев, Галина Куликова, Алишер Сабиров, Азиз Турсунбаев, Чолпон Абдуллаева сунушталды. Ал эми коммунисттер Хаджимурат Коркмазовду сунушташты. Социал-демократиялык фракция Иса Өмүркуловду сунуштаганда “Ак жол” фракциясынын лидери Улукбек Ормонов каршы чыгып, тартип коргоо органдарында иштеген тажрыйбасы бар депутатты алып чыгууну сунуштады. Буга байланыштуу социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева нааразылыгын билдирип, депутаттык комиссиянын ишинин натыйжалуу болушуна эмитен эле күмөн туулганын белгиледи.(AiT)