Парламенттин түштөн кийинки отурумунда 13-марттагы Койташ айылына жакын жердеги окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамына социал-демократтар фракция лидери Бакыт Бешимовду сунушташты. Бирок ага макулдук берип 25 гана депутат добуш берди. Натыйжада Бешимов да комиссия мүчөлүгүнө өтпөй калды. Буга байланыштуу социал-демократтар комиссиянын курамына кирүүдөн баш тартып, комиссияга обьективдүү иштеп берүү каалоосун билдиришти. Эми “Ак жол” фракциясы комиссияга дагы бир депутатын сунуштоону караштырып жатат. (AiT)