Партиянын маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Бишкек шаарынын мэриясы 27-мартта борбордогу Максим Горький атындагы паркта митинг өткөрүүгө партияга уруксат берди. Оппозициялык Бириккен Элдик Кыймыл 27-мартта жалпы өлкө аймагында нааразылык акцияларын өткөрүүгө камданууда. “Ата мекен” партиясы БЭКтин курамына кирген.(AiT)