Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

“Ата Мекен” партиясынын 14 активисти кармалды


Партиянын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, бүгүн партиянын 14 активисти Бишкек шаарынын ар жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Алар 27-мартка белгиленген оппозициянын акциясына катышууга чакырык таратып жүрүшкөн. Азыркы мезгилде кармалган балдарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып барып, суракка алуу аракети жасалууда. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы болсо кармоолор боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG