Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Президент Курманбек Бакиевдин шайлоого барышы күмөн


“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" айтканына караганда, бийлик элдин каарынан чочуп, шашып жатат. Анткени дүйнөлүк кризистин кесепети, элдин бийликке каршы уюшулуп жатышы - шайлоолорду тез өткөрүп жиберүүгө түртүп жатат. "Бакиев өз мураскерин өткөрүп койгонго аракет кылат. Анын сергек “шайлоого катышам” деп жатышы - бул коштошуп жаткан бийликтин ыкмасы. Анткени эртең кете турган "начальникти" эч ким укпай калат. Бакиевдин өзүнүн талапкерлигин шайлоого коюууга ден-соолугу же башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт. Азыр анын мураскерлеринин ортосунда бир жарым жылдан бери катуу күрөш жүрүп жатат”,-деп белгиледи Текебаев "Азаттыкка". Саясатчынын айтымында, Конституциялык соттун чечими сарай интригасынын уландысы болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG