Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

“Ата мекен” партиясынын жаштар канатынын 14 мүчөсү кармалды


"Ата-Мекен" партиясынын жаштар канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алар митингге чакыруу таратып жүргөн жеринен кармалган. “Аларды азыр РИИБден УКМКга суракка алып барышмак. Бирок азыр укук коргоо органдары тарабынан айып коюла элек. Ошондуктан 3 сааттын ичинде айыптары тастыкталбаса, укук коргоо органдары кое беребиз дешти ”,- дейт жаш лидер. Анын айтуусунда, бүгүн алар митинг өткөрүүгө мэриядан расмий түрдө уруксат алышкан жана алардын аракетинде эч кандай мыйзам бузуу жок. (AzK)

XS
SM
MD
LG