Кабарларга караганда, Түндүк Кореянын аскерлери кеминде бир теги корей америкалык журналисти өлкөнүн Кытай менен чек арасынан кармаган. Түштүк Кореянын маалымат каражаттары бул окуя карама-каршылыктуу маалыматтарды таратты. Кабарлардын биринде америкалык эки аял журналист чек аранын жанынан видео тартып жатканда кармалганы, башкасында теги корей америкалык кармалганы айтылат.
Азырынча журналисттердин ысымы, алар кайсыл маалымат каражатына иштегени жана чек аранын кайсыл тарабынан кармалганы так белгисиз.
Бирок бул окуя АКШ менен Түндүк Кореянын алакасы чыңалып турган учурга туш келди. Пхеньян апрелдин башында орбитага жасалма жандоочусун учурууга даярданып жатканын билдирүүдө. АКШ менен Түштүк Корея ал узак аралыкка учуучу ракетасын сыноого даярданып жатат деп кооптонот.