Буга арналган саммит бүгүн Брюсселде башталууда. Евробримдиктин лидерлери Чоң жыйырмалыктын саммити алдында бирдиктүү турумду иштеп чыгууга үмүттөнүп жатышат. Чоң жыйырмалыктын саммити келерки айдын башында Лондондо өтөт.
Кабарларга караганда, Евробримдиктин өлкөлөрү Эл аралык валюта корунун каражатын көбөйтүүнү, каржы базарларына көзөмөлдү күчөтүүнү жактаары, бирок өз экономикаларын стимулдаштырууга кошумча каражат бөлүүдөн баш тартары күтүлүүдө.
Эки жылдын аралыгында Евробиримдик өлкөлөрү экономиканы стимулдаштырууга 400 миллиард евро же 519 миллиард доллар бөлөт. Кошмо Штаттар бул сумманы жетишсиз деп эсептейт.