Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Азербайжанда президенттин бийлик мөөнөтү чектелбейт


Өлкөдө кечээ өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы калк бир адамдын эң көп дегенде эки мөөнөткө шайлануусун караган чектөө жоюлуусун колдогонун көргөзүүдө. Шайлоо бекеттеринин жарымындан көбүндөгү бюллетендердин санагына караганда, добуш бергендердин 92 пайызы референдумга коюлган сунушту колдогон.

Расмий маалыматка караганда, добуш берүүгө ага укуктуулардын 71 пайызы катышты. Референдумду бойкоттоого чакырган оппозиция добуштар бурмалаганын, референдумдун жыйынтыгын сотко берерин билдирүүдө.

Азербайжандын элдик фронтунун башчысы Али Керимлинин айтымында, алардын эсебинде, добуш берүүгө катышкан элдин саны 15пайыздан ашкан жок.

Бийликти 2003-жылы атасы, маркум Гейдар Алиевден өткөрүп алган Ильхам Алиев үчүн эми кайра шайланып турган учурда өмүр бою президент болуу мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат.

XS
SM
MD
LG