Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

А.Сейитказиев: Орусия кредити шайлоого кетет деген коркунуч бар


Жогорку Кеңештеги Коммунисттер фракциясынын депутаты Анаш Сейитказиев Орусия берет деп жаткан кредит шайлоого коройт деген кооптонууда. Депутаттын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, буга бийликтин президенттик шайлоону жайында өткөрүүнү шашылыш белгилеши негиз берет. Анын айтымында, шайлоо эмдиги жылы болсо мындай кооптонуу болбой, каражат Камбар- Ата -2 ГЭСине жумшалат деген ишеним болмок. Ал эми “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары Афтандил Арабаев “Азаттыкка” шайлоо күнү Конституциянын талаптарына ылайыкталып белгиленди жана Жогорку Кеңеш Конституциялык Соттун чечимин дароо карап, жаңы шайланган президент 25-октябрга чейин кызматына кириши үчүн шайлоо күнүн 23-августка чейин белгилөөгө милдеттүү деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG