Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Азербайжандагы референдум И.Алиевдин өмүр бою тактыда калуусуна жол ачты


Азербайжандын шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, 18-мартта өткөн референдумда калк басымдуу көпчүлүк добуш менен Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү колдоду. Алардын бири азыркы президент Ильхам Алиевдин мамлекет башчылыгына өмүр бою шайлануусуна жол ачат. Комиссиянын маалыматына ылайык, добуш бергендердин 92 пайызы референдумга коюлган сунушту колдогон. Расмий маалыматка караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 71 пайызы катышты. Референдумду бойкоттоого чакырган оппозиция лидерлери добуштар бурмалаганын, референдумдун жыйынтыгын сотко берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG