Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Евробиримдик лидерлери экономиканы жөлөө сунушун жактырган жок


Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери кризис менен күрөш жана экономиканы стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик жардамды кеңейтүү сунушун четке кагышты. Брюсселде өткөн саммитте Евробиримдиктин учурдагы төрагасы, Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаланек ар бир өлкө жаңы чыгымдарга барып, өз бюджетиндеги таңсыктыкты көбөйтүүнүн алдында мурда кабыл алынган көлөмү 270 миллиард евролук стимулдаштыруу планы кандай иштеп жатканын байкоо зарыл экендигин эскертти. Европадагы оор экономикалык жана социалдык кырдаалга карабастан саммиттин катышуучулары бул маселеде бекем турумду ээлешти.

XS
SM
MD
LG