Иранда жыйырмадан ашуун адам интернет мейкиндигинде динге каршы жана мамлекеттик төңкөрүшкө үндөгөн баракчаларды ачкан деген кине менен камакка алынды. ИРНА маалымат агенттигинин кабарлоосуна ылайык, камакка алынгандардын айрымдары чет өлкөлүк коопсуздук кызматтары менен байланышта болгон. Азырынча кайсы өлкөлөр тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз. Маалым болгондой, Иран адатта ислам республикасынын түзүлүшүн бузууга аракет жасоодо деп Батыш өлкөлөрүн айыптап келет.