ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:02

Депутаттык комиссия 13-марттагы автокырсыкты бир ай иликтейт

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 13-мартта болгон чуулгандуу автокырсыкты иликтөөсүнүн жыйынтыгын 1-майда жарыялайт. Мындай чечимди парламент комиссияны түзгөндөн кийин кабыл алды. Жети депутаттан турган комиссиянын тутумуна “Ак жол” фракциясынын алты депутаты, Коммунисттердин бир депутаты кирди. Комиссияга мүчөлүккө Социал-демократтар фракциясынан сунуш кылынган Иса Өмүркулов менен Бакыт Бешимовду депутаттар колдобой койгондон кийин бул фракция иликтөөгө катышуудан баш тартты. Ал эми комиссия төрагалыгына Рашид Тагаев шайланды.(BD)
​
XS
SM
MD
LG