Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Парламент президенттик шайлоону 23-июлга белгиледи


Жогорку Кеңеш келерки президенттик шайлоону 23-июлда өткөрүүнү 79 добуш менен колдоп берди. Кечээ өлкөнүн Конституциялык Соту президенттик шайлоону 25-октябрга чейин өткөрүү тууралуу чечим кабыл алган. Мындай чечимден соң парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети кечээ бул маселени шашылыш карап, президенттик шайлоо күнүн 2009-жылдын 23-июлуна белгилеген бүтүм чыгарган. Конституциялык Сотко президенттик шайлоонун мөөнөтүн тактап берүү арызы менен парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков 20-февралда кайрылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG