Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

И.Исаковдун соту 28-мартка которулду


20-мартта Бишкек гарнизондук соту ишти карай баштап, бирок Исаковдун коомдук коргоочулары коюлган доо менен тааныш эместиктен ишти кароону 28-мартка которуп койду. Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун айтымына караганда, сот Коргоо министрлигинин өкүлүн коюлган доо менен тааныштырып, бирок коомдук коргоочуларга андай мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул факты ачыкка чыкканда сот ишти кароону которууга мажбур болду. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго Балыкчыдагы аскердик бөлүктө автоунаалардын жоголушу, аскердик майрамдарды белгилөөгө байланыштуу айып коюлууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG