Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

С. Абдылдаев криминалдар кол салды дегенди четке какты


Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын жаш лидери Жоомарт Сапарбаев билдирди. Ж. Сапарбаев Сыргак Абдылдаевди ооруканада көргөнү барганда, журналист мындай пикирин коомчулукка жарыялап коюну өтүнгөн. С. Абдылдаев ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин анын өмүрүнө кол салууну криминал менен байланыштарып айткандарын толугу менен четке кагаарын билдирген. Ал өзүнүн макалаларын эч качан псевдоним менен жазбаганын, “Репортер” гезитинде коомдук-саясий темаларды чагылдырып келгенин айткан. Өзүнүн өмүрүнө кол салууну кесиби менен байланыш тырып, саясий мүнөздө экенин баса белгилеген. Ушул жумада Жусуп Бакиев атындагы фонддон өкүлдөр келип, каржылык жардам сунуштаганда, алуудан расмий түрдө баш тартканын айткан. “Репортер Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы С. Абдылдаевди 6-мартта кеңсесинен анча алыс эмес жерде бычактап кетишкен эле. Азыр оор жаракат менен ооруканада жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG