Мындай чечим БШКнын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын иштеши үчүн 56 миллион 385 миң сом, райондук шайлоо комиссиялары үчүн 180 миң 900 сом, облустук комиссиялар үчүн 8 миллион 113 миң сом, БШК үчүн 72 миллион 855 миң сом бериле турган болду. Ага шайлоочулар үчүн 3 миңден ашык түшүндүрмө китепчелер, бюллетень жана башка уюштуруу иштери жүргүзүлөт. Бирок бул каражат быйылкы жылдын бюджетине эмес 2010-жылдын бюджетине киргизилгендектен БШК Каржы министрлиги менен өз ара сүйлөшүп чечээрин БШК төрагасы Дамир Лисовский билдирди.(BD)