Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, жума күнкү өрттөн 16 адам жабыркап, бардыгы тең ооруканага жаткырылды. Ок-дары сактоочу кампа өлкөнүн түштүк аймагындагы Арыс райондук борборунан 10 километр аралыкта жайгашкан жана Казакстандагы эң чоң ок-дары кампасы болуп саналат. Чыккан өрт өчүрүлүп, ушул тапта өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.